Бүгүн, 18-октябрда 24 жылдан ашуун Кыргызстандын Коммунисттик партиясынын биринчи катчылык кызматын аркалаган Турдакун Усубалиевдин айкели Чыңгыз Айтматов атындагы Эмен багына орнотулду. Учурда эстеликти ачууга карата маселелер чечилип жатат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматчысы Марлен Соляной билдирди.
"Эстеликтин автору - АскарТурумбеков. Анын качан ачылары азырынча белгисиз, так күнүн айта албайбыз. Учурда бул тууралуу маселелер чечилип жатат", - дейт М.Соляной.
Белгилей кетсек, партиялык жана мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиев 1919-жылы 6-ноябрда Кочкор районунун Кочкор айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтун, Москвадагы мамлекеттик педагогикалык институтту жана Жогорку партиялык мектепти бүтүргөн. Орто мектепте мугалим, партиянын райкомунда бөлүм башчынын орун басары, Кыргызстан КП БКнын инструктору, КПСС БКнын жооптуу кызматчысы, "Советтик Кыргызстан" гезитинин редактору, партиянын Фрунзе шаардык комитетинин 1-катчысы, Кыргызстан КП БКнын 1-катчысы болуп иштеген. СССР жана Кыргыз ССР Жогорку Кеңешине 28 жолу, 1995-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болгон.