ЖЫЛНААМА, 18-ОКТЯБРЬ: Мындан 149 жыл мурун Аляска жарым аралы АКШга сатылган

Мындан 149 жыл мурун, 1867-жылы 18-октябрда 1 миллион 718 миң чарчы чакырым жерди ээлеген Аляска жарым аралы сатылган. Алясканы сатуу боюнча келишимге Орусия менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосунда 1867-жылы 30-мартта кол коюлган. Аталган аймак 7,2 миллион долларга сатылган.

Аляска аймагын сатуу идеясы 1866-жылы 16-декабрда Александр II, князь Константин Николаев жана Каржы министрлиги катышкан жыйында көтөрүлгөн. Аталган иш-чарага катышкандар жерди сатуу идеясын жактырышкан.

1867-жылы Орусиянын желеги түшүрүлүп, АКШнын желеги расмий түрдө көтөрүлгөн. Аталган салтанатка АКШнын 250 жоокери параддык формалары менен катышкан.

18-октябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
daky
2016-10-18 20:37:14
Россия азыр ото окунот болуш керек. алтындын кенин сатыптырбыз деп.
+6
nur_zhoni
2016-10-18 22:36:59
Соонунго жер экен
0
didi07
2016-10-19 03:49:31
Албетте окунот. Бизди карагылачы Эми кичинеден сатылып отуруп жок болмой болдук.
0
Truelensk
2016-10-19 11:38:38
Алясканы кайтара албай сатышкан.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан