Чүйдөгү “Сосновка” постунда оор жүк ташуучу унаалар үчүн чектөө коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
"Чектөө бүгүн саат 16:00дөн тарта коюлду. Буга Бишкек-Ош унаа жолунун 127-128-чакырымында кардын жаап жатышынан улам унаалардын каттамына оорчулук жаратышы себеп болгон", - деп айтылат министрликтин маалыматында.
Айта кетсек, 18-октябрда күндүн экинчи жарымында жана 19-октябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаандын карга айланышы күтүлөт. Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана тоо этектеринде, тоолуу райондордо кар, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт.