ЖЫЛНААМА, 18-ОКТЯБРЬ: 1871-жылы биринчи эсептөөчү машинаны ойлоп тапкан англиялык математик Чарльз Бэббиж дүйнө салган

Биринчи эсептөөчү машинаны ойлоп тапкан англиялык математик Чарльз Бэббиж 1791-жылы 26-декабрда Лондондо банкирдин үй-бүлөсүндө туулган. Кичинекей Чарльзды мугалимдери көп окутуп күч келтирүүдөн коркушкан, себеби анын ден соолугу начар, өтө арык бала болгон. Ошол себептен Чарльз Бэббиж чыныгы билимди Энфилдеги академиядан алууну баштап, ушул жактан анын математика илимине болгон кызыгуусу күч алган.

Кембриждеги Тринити-колледжде окуп жүргөндө Чарльз өз алдынча билим жогорулатуу менен алектенип, жыйынтыгында билим деңгээли өзүн окуткан мугалимдердикинен да ашып кетет. 23 жашында бакалавр даражасын алып, 36 жашында Кембриждин математика илимдери боюнча профессору болгон. Профессорлукту алгандан 12 жылдан кийин эсептөөчү машинаны иштеп чыгуу менен алектене баштайт. Анын ишмердүүлүгү ар тараптуу болгон. Везувийге болгон экспедиция, суунун түбүнө түшүүчү коңгуроону чөгөрүү, археологиялык казуулар, геология, темир жол коопсуздугун изилдөө, Англиянын почта системин реформалоого катышуу сыяктуу иштер менен алектенген.

Чарльз Бэббиж 1871-жылы 80 жашында дүйнө салган.

18-октябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан