Чет өлкөлөрдөгү түрмөлөрдө Кыргыз Республикасынын 1946 жараны отурат

Кыргыз Республикасынын 1946 жараны чет өлкөлөрдөгү түрмөлөрдө отурат. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында тышкы иштер министринин орун басары Азамат Үсөнов билдирди.

Анын айтымында, Кыргыз өлкөсүнүн жарандарын мекенине экстрадициялоо маселесин Башкы прокуратура карайт. Башкы прокурордун орун басары Людмила Усманова соттолгон жарандарды кайтаруу иштери алардын же жакын туугандарынын арызынын негизинде гана жүргүзүлөрүн айтты. "Эгер жаран же туугандары бизге кайрылбаса, экстрадициялоо иштери жүргүзүлбөйт", - деди Усманова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aziziko
2016-10-19 10:20:45
Анда отура бергиле качан арыз жазышат деп койуп .
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан