Биринчи учууга жөндөмдүү унааны чыгаруу 2017-жылга пландалууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Ал эми словакиялык инженерлер анын баасын атап, кыскача мүнөздөмө беришти. AeroMobil 3.0 деп аталган унаа 200 миң еврого бааланууда. Бул баа жылдын аягына чейин дагы төмөндөшү мүмкүн.
"AeroMobil 3.0 абада саатына 200 чакырымга чейин уча алат. Ал алгач учуу үчүн 310 метрдей жерди жүрүп өтүүсү керек болот. Абада 100 чакырымга 15 литр күйүүчү май керектелет. Унаа абада 700 чакырымга чейин уча алары болжолдонууда", - деп билдиришкен словакиялык иштеп чыгуучулар. Кызыгы, мындай унааны башкаруу үчүн айдоочулук күбөлүк талап кылынбайт.