Борбор шаарда "Кыз көркү-2013" аттуу мусулман кийимдеринин көргөзмөсү болот

28-апрель күнү саат 14:00дө Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда “Кыз көркү-2013” аттуу мусулман кийимдеринин көргөзмөсү болот. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Салтанат Бекмурзаева билдирди. Айта кетсек, көргөзмөгө Бишкек жана Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын 1-2-курстагы студент кыздарынын колунан жасалган кийимдер коюлат. Демилгечи “Даткайым” коомдук фонду тарабынан “эң мыкты” деп табылган кийимдин авторуна акчалай сыйлык тапшырылмакчы. Сынактан кийин ушул эле жерде адал тамак-аштардын жарманкеси башталат.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан