Өлкөдө айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында 38 миллион долларды түзгөн долбоор ишке кирет

Өлкөдө айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында 38 миллион долларды түзгөн долбоор ишке кирет. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, суу тармагын жакшыртуу жана азык-түлүк коопсуздугун жоюу максатында көрүлүп жаткан аракет 2016-жылдан 2021-жылга чейин 5 жыл аралыгында ишке ашырылат.

"Айыл чарба багытында ишке ашырылып жаткан долбоордун жалпы суммасы 38 миллион АКШ долларына бааланат. Бул каражатты айыл чарба жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча "Глобалдык программа" каржылайт. Жумуштун аткарылышын Суу чарба жана мелиорация департаменти ишке ашырат. Долбоорго өлкөнүн тандалып алынган райондору кирет", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Маалым болгондой, долбоордун жүрүшүндө ирригациялык инфраструктураларды калыбына келтирүү жана модернизациялоо, ошондой эле айыл чарбалык консультациялык кызмат көрсөтүү, азыктануунун сапатын жакшыртуу иштери аткарылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ali-han
2016-10-20 00:27:32
20 миллионду иштеткиле да 18 миллионду чонтоко ургула карап турбай
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан