Түштүк Корея Республикасында Кыргыз өлкөсүнүн Маданият күндөрү 8-11-ноябрь аралыгында өтөт. Бул тууралуу аталган өлкөдөгү Кыргыз Республикасынын элчилиги билдирди.
Маданият күндөрүнүн алкагында концерттик программа тартууланып, "Курманжан датка" кинотасмасы көрсөтүлөт. Ошондой эле Кореянын Улуттук борбордук музейинде бул күндөрү улуттук кийимдер көрсөтүлүп, өлкөбүз тууралуу сүрөт көргөзмөсү өткөрүлөрү белгилүү болду. Элчиликтин басма сөз кызматы бул иш-чараларга кирүү акысыз экенин, бирок алдын ала катталуу керектигин кошумчалашты.