"Кыргыз газды" Орусияга 1 долларга сатуу менен Кыргыз Республикасы көз карандысыздыгынан ажыраган. Мындай пикирди 20-октябрда саясат таануучу, Япониянын Кобе университетинин бүтүрүүчүсү Даниел Кадырбеков социалдык тармактагы жеке баракчасына жазды.
Айтымында, стратегиялык объектини сатып жиберүүнүн зыянын Кыргыз мамлекети сөзсүз тартат. Саясат таануучу коңшу Казакстан түтүктөрүн, тийиштүү жабдууларын өзү көзөмөлдөө менен өндүргөн мунайын сатып жатканын, Кытайдын ири энергетикалык муктаждыгын камсыздаган Түркмөнстан да түтүктөрүн эмес, газын сатып пайда көрүп жатканын айтат. Ишкананын жабдууларын, инфраструктурасын ким башкарса өлкө үчүн эмне жакшы, эмне жаман экенин ошол чечип каларын кошумчалады. Бүгүн Кыргыз мамлекетинин газ тармагы толугу менен орусиялык "Газпром" ишканасынын көзөмөлүндө. Кадырбеков ошондуктан өлкөбүз Орусиянын колониясына айланганын айтып жатат.
Саясат таануучу бийликке Атамбаевдей эмес, кыргыздын улуттук кызыкчылыгын көздөгөндөр келип, реформа жасоого киришсе, "Кыргыз газдын" сатылып кетиши тоскоолдук жаратарын айтат. "Газпром" өңдүү монополисттер тарифти атайын көтөрүп же газ берүүнү чектеп, саясатчыларды Орусия менен эсептешүүгө түртөт. "Андыктан сүйүнүүгө азырынча эрте", - дейт Кадырбеков.
Белгилей кетсек, Бишкекте бүгүн "Газпром" курган спорткомплексинин ачылышында президент Алмазбек Атамбаев аталган компанияны мактап, аны ишенимдүү өнөктөш деп атады.