2016-жылдын 9 айында 4 адам чет өлкөдө кулчулукка кабылган

2016-жылдын 9 айында 4 адам чет өлкөдө кулчулукка кабылган. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда SUPER.KG порталына "Аялзат" аялдардын демилге борборунун адиси Замира Сагыналиева билдирди.

"Биздин кызматка кулчулукка кабылдым деген кайрылуулардын саны 2015-жылга карата 15 адамды түзгөн. Ал эми 2016-жылдын 9 айына карата 4 адам кулчулукка кабылганын айтып кайрылган. Жардам сурап кайрылгандардын куткарылышы боюнча маалымат айтылбайт", - дейт Сагыналиева.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын алдындагы Маалымат-консультациялык борборунун башчысынын орун басары Алмаз Алымбаев кулчулукка кабылгандар көбүнчө мыйзамсыз иштеген жумуш берүүчүлөр аркылуу кеткендер экенин айтат.

"Чет өлкөгө иштегени чыккандар сөзсүз түрдө Миграция кызматы аркылуу чыгышы керек. Бөтөн эл, бөтөн жерде адамдар ар кандай кырсык, жаман иш, оор тагдырга кабылып калышы мүмкүн. Адамдарды мыйзамсыз алып кеткендер боюнча Ички иштер министрлигинин 10-бөлүмү иштеш керек болчу", - дейт Алымбаев.

Маалыматка ылайык, чет өлкөдө өз алдынча иштеп жүргөндөрдүн саны 700 миңден ашуун. Ал эми Миграция кызматы аркылуу иш издеп кеткендердин саны 12 338ди гана түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
salimbek87.kg
2016-10-21 14:31:59
Кулчулукка кабылган мекендештерибиз кайра алынып келгенби же болбосо дагы эле кулчулукта журобу ошону так айтса болбой беле?
+1
Medinaa
2016-10-21 14:41:23
Рф да. 10 айда 80адам каза болуптур((
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан