ЖЫЛНААМА, 21-ОКТЯБРЬ: "Нобель" сыйлыгынын негиздөөчүсү, швед химиги, инженер Альфред Бернхард Нобель төрөлгөн

Нобелдик сыйлыкты билбеген ким бар? Бул сыйлыктын негиздөөчүсү, динамит жана башка жарылуучу заттарды ойлоп тапкан Альфред Бернхард Нобель 1833-жылы 21-октябрда Стокгольмдо туулган. Атасы Иммануил Нобель таланттуу ойлоп табуучу, өзү Нобелеф швед округунан чыккан дыйкан болгон. Альфреддин атасы өзүнүн талантын колдонуп, орустардын аскер кызматында жүргөндө байып кеткен. Айрыкча Крым согушунун учурунда анын заводунда жасалган миналар Кронштадт жана Ревель рейддерин Англиянын аскерлеринен сактап турган. Орусияга жасаган эмгеги үчүн ал чет өлкөлүктөр сыйланбай турган империялык алтын медаль менен сыйланган.

Альфред Нобель канчалык таланттуу болгону менен, бир дагы билим, ал тургай орто билимге да ээ болгон эмес. 1849-жылы жаш Альфредди атасы Европа менен Америкага 2 жылдык саякатка жиберет. Саякатынын көпчүлүк убагын ал Парижде өткөргөн. Ал жактан Альфред нитрилди ачкан, нефтини изилдөөчү Жюль Пелуэден химия жана физика илимдери боюнча практикалык курстардан өтөт. Стокгольмдон атасы менен чыгып кетенден кийин Нобель белгилүү орусиялык химик Николай Зинин менен көп алакада болгон.

1864-жылы 14-октябрда Альфред Нобель курамында нитроглицерини бар жарылуучу затка патент алат. Мындан соң ал детонатор, динамит, желатинделген динамит, түтүнсүз дары сыяктуу ойлоп табууларга кошуп, жалпысынан 350 эмгекке патент алган. Анын баары эле жарылуучу заттарга байланышкан эмес. Арасында суу ченегич, барометр, муздатуучу аппарат, газдуу күйгүзгүч, күкүрт кислотасын алуунун жакшыртылган ыкмасы, аскер ракетасынын конструкциясы жана башка көптөгөн ойлоп табууларга патент алган. Нобель кызыккан тармактар ар түрдүү болгон. Ал электрохимия, оптика, биология, медицина, айтор, ал кызыкпаган тармак өтө аз болгон.

Өзүнүн атын тарыхта калтыруу максатында ал Нобель атындагы сыйлыктарды тапшыруу үчүн кайрымдуулук фондун негиздейт. Бул сыйлык өзү болжогондой күнү бүгүнкүгө чейин ар түрдүү тармактагы ачылыштардын жана эмгектердин ээлерине ыйгарылып келет.

Альфред Нобель 1896-жылы 10-декабрда Италияда, Сан-Ремодогу өзүнүн вилласында мээсине кан куюлуп каза болгон. Ал үй-бүлө күтпөгөндүктөн, өзүнүн мурасы катары калган байлыгын адамзатка керектүү ачылыштарды, жетишкендиктерди колдоого жумшоону керээз кылып кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан