Бүгүн, 21-октябрда Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынын отурумунда Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун ишмердүүлүгү каралууда. Анын жүрүшүндө вице-премьер-министр Олег Панкратов мамлекеттик мүлкү бар ишканалардын жетекчилеринде фондду сактоого түрткү жок экенин айтты. "Корпоративдик башкаруу ыкмасына өтүү менен бул маселени чечкени жатабыз. Аталган фондду холдинг кылып өзгөртүү зарыл", - деди Панкратов.
Фракция лидери Өмүрбек Бабанов мындан мыйнап чыкпастыгын айтты. "Эгер бул туура жол болсо, анда министрликтердин баарын жоюп, холдингге айландырып койбойлубу? Мекеменин аталышы өзгөрсө да, функциясы бир. "Силер, достор, кайсы гана жерге отурбагыла, баары бир кызматка жарабайсыңар", - деп депутат орусиялык жазуучу Иван Крыловдун "Квартет" аттуу тамсилин эске салды.