"Кумтөр Голд Компанинин" каржылоосу менен уюштурулган чакан насыя уюмуна быйыл 10 жыл болду. Үзүрүн көргөндөр учурда 5 миң үй-бүлө. Алгач агенттиктин 100 кардары болгон. 100дөн 5 миңге карай өсүшү – ийгиликтин көрсөткүчү.
Эң ири суммада – 1,5 миллион сом насыяны биринчилерден болуп алган Уран Маматов 10 жылдык ийгиликтин салтанатында ардактуу мейман болду. Кесиби токойчу, бирок 10 жылдан бери ишкердик менен алектенип келаткан Уран мырза Тамга айылында жашайт. Ишкер айыл четиндеги чүчпара чыгаруучу цехин жылдан-жылга жаңылап, кошумча бөлмөлөрдү улап, жаңы жабдууларды сатып алгандын үстүндө. Кошумча 5 адамга жумуш ордун түзүп, күнүнө 300 килограмм чүчпара өндүрөт. Андан сырткары манты, фрикадельки сыяктуу жаңы өндүрүм түрлөрүн киргизүүдө. Көздөгөн максатына улам бир кадам жылуусуна үстөгү 12 пайыз менен берилген насыя көмөк болуп жатканын айтты. "Баарыбыз жумушсуз калганда кризистик абалдан чыгуу үчүн иним экөөбүз чүчпара жасоону баштап көрдүк. Соода жакшы кетти. Тээ совхоз учурундагы колбаса цехи кароосуз ташталып, урап баштаганда, бизнеске кайра керектеп, оңдоп алдык. Мына ушул "Жети-Өгүз" чакан насыя уюмун бизге ачып койгон "Кумтөр" компаниясына чоң ыраазычылык билдиребиз".
10 жылдыкка Жогорку Кеңештин депутаты Абылкайыр Узакбаев да катышты. Анын пикиринде, "Кумтөрдүн" аймакты өнүктүрүү долбоорлорунун арасынан жемиштүү жана ийгиликтүү иштеп жатканы -"Жети-Өгүз" чакан насыя уюму. "Бул уюмдун келечеги кенен, кайтарымдуулугу жакшы. Алыс кетпей эле коёюн, Тамга, Тосор, Барскоон айылдарында ушундан насыя алгандардын саны калктын 80-90 пайызын түзөт. Убара болбостон, тез арада, оңой жол менен насыя алуунун шарттарын түзүп берген "Кумтөр" ишканасы бул дүйнөлүк ири компаниялардын катарында. Табигый байлыкты туура пайдаланып, үзүрүн көрүп, урпактарыбызга туура өткөрүп беүү - биздин атуулдук парзыбыз".