Биз социалдык тармакта

Исмаил Исаковго Июнь окуясы боюнча козголгон иш кыскартылды

2010-жылдагы Июнь окуясы боюнча мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковго козголгон кылмыш иши кыскартылды. Маалыматты Жогорку Соттун басма сөз кызматы тастыктады.

Айтылгандай, мындай чечим кечээ, 28-октябрда кабыл алынган. Анын аракетинде кылмыштын курамы жок деген негизде иш өндүрүштөн кыскартылган.

Эске салсак, 2021-жылы апрель айында президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен УКМК Июнь окуясы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренесинин негизинде тергөө иштерин баштаган. Буга 2010-жылдагы трагедиялуу кесепеттерге алып келген себептердин бири болгон белгилүү Кадыржан Батыровдун өлкөдөн чыгып кетиши себеп болгон. Мындан улам Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө каршы иш козголгон.

Кылмыш иши боюнча 2022-жылы бир катар саясатчылар сурак берген. Алардын арасында Садыр Жапаров жана атайын кызматтын ошол кездеги башчысы Камчыбек Ташиев да болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан