Кыргыз Республикасында табыпчылык менен дарылоого уруксат берилген

Үстүбүздөгү жылдын 5-июлунда Бишкек шаарынын Көк-Жар турак жайындагы Ак-Босого көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде Жалал-Абад облусунун 56 жаштагы тургуну, А.Г.А. аттуу аял каза болгон. Маалыматка ылайык, А.Г.А. табып Хашим Зайналиевдин дарылоосунан өтүп жаткан. Бул окуя боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, табып лицензиясыз иштегени, анын эч кандай медициналык билими жок экени аныкталып, материалдар укук коргоо органдарына берилген.
Кыргыз Республикасында мамлекеттик эмес ишканаларга лицензия берүү "Жарандардын саламаттыгын коргоо" жана "Лицензиялык уруксат берүү системи жөнүндө", ошондой эле 2001-жылы 31-майда кабыл алынган "Ишкердиктин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө" мыйзамдардын негизинде жүргүзүлөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Эскерте кетсек, октябрь айында эле табыптын колунан псориаз оорусу менен жабыркаган 6 жаштагы бала каза болгон. Табып баланын терисин көк таш менен дарылаган. Бала эс-учун жоготуп ооруканага түшүп, көрсөтүлгөн медициналык жардам таасирин бербей, каза болгон.
Кыргыз Республикасынын "Жарандардын саламаттыгын коргоо" тууралуу мыйзамынын 15-беренесинде "табыпчылык менен алектенүүгө медицина тармагында жана табыпчылыкта атайын даярдыктан өтүп, диплом менен лицензияга ээ болгон Кыргыз Республикасынын жарандары укуктуу" деп жазылган.
"Жеке медициналык, ошондой эле табыпчылык ишмердүүлүктү жүргүзүүгө лицензия алуу үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигине медициналык билими тууралуу дипломду жана дагы башка өкмөт бекиткен тиешелүү документтерди көрсөтүү керек. Жеке медициналык адистерге лицензия берген мамлекеттик орган алардын ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүп турат", - дешти Саламаттыкты сактоо министрлигинен. Ошондой эле алар буга чейин табыптарга бир да лицензия беришпегенин кошумчалашты.
Өлкөбүздүн аймагында тиешелүү лицензиясыз жеке медициналык ишмердүүлүктү жүргүзүү мыйзамсыз. Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, массалык дарылоо сеанстарын өткөрүүгө тыюу салынган. Ошондой эле табыпчылык менен дарылоо түрлөрүн жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жарнамалоого болбойт. Табыпчылык менен адамдын ден соолугуна залака тийгизип, анын өмүрүн кыюуга жетсе, кылмыш жоопкерчилигине тартылат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан