Бишкекте автоунаага газ толтуруп берүүчү жайлар текшерилүүдө. Маалыматты 22-октябрда Экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясы таратты.
Аталган жайлардын экологиялык жана техникалык талаптарга канчалык жооп берери аныкталууда. Соңку текшерүүнүн жыйынтыгында эки автоунаага май куюучу станциянын (АЗС) аймагында жайгашып, тийиштүү нормаларды сактабаган 1 газ толтуруп берүүчү жабдуунун иши токтотулганы айтылды. Текшерүүлөр борбор шаардын аймагында улантылып жатат.
Белгилей кетсек, айдоочулардын бир бөлүгү автоунаага май куюучу жайлардан күмөн санашат. Бензинди акчага жараша куйбай аз куюшат жана бензиндин сапаты начар дегендер көп.