Кыргыз тасмаларынан порнографиялык эпизоддорду көрсөтүүгө тыюу салынды

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков "Аудиовизуалдык чыгармаларды порнографиялык жана чыгармачылыктын тыюу салынган башка түрлөрүнө киргизүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомго кол койду. Токтомго ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүгө төмөнкү категориядагы аудиовизуалдык чыгармаларга тыюу салынат:

  • порнографиялык сценалар (эпизоддор);
  • экстремисттик жана сепаратисттик чыгармалар;
  • мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга же күч менен кармап турууга, мамлекеттин конституциялык түзүлүшүн күч менен өзгөртүүгө, мамлекеттин эгемендүүлүгүн жана аймагынын бүтүндүгүн бузууга жана коомдук коопсуздукка күч менен кол салган, жогоруда аталган максаттарда мыйзамсыз куралдуу топторду түзүүгө же аларга катышууга, уюштурууга ачык чакырган жана багыт берген чыгармалар;
  • согушту, зомбулукту жана ырайымсыздыкты пропагандалоо;
  • терроризмди актоого жана башка террористтик ишти колдоого чакыруу;
  • коомдук коопсуздукту бузууга ачык багытталган чыгармалар;
  • көркөмдүк ой менен акталгандан тышкары, мыйзамдуу бийликти кулатууга чакырган жана даңазалаган улутчулдук атрибуттарды жана символдорду же улутчулдук атрибутикага жана символикага аралашуу даражасына чейин окшош атрибутиканы жана символиканы, тыюу салынган террористтик уюмдардын башка символикаларын эл алдында пропагандалап көрсөтүү;
  • социалдык, расалык, улуттар аралык же диний кастыкты козутууга, социалдык, расалык, улуттук диний же тилге тиешелүү жагынан адамдын өзгөчөлүгүн, артыкчылыгын же кемчилигин пропагандалоо;
  • мамлекеттик символикалардын атрибуттарын (желекти, гербди, гимнди) кемсинткен жарандык жана улуттук этиканы бузуучу нормалар;
  • баңгилик жана психотроптук заттар жөнүндө ачык пропаганданы камтыган маалыматтар;
  • өзүн өзү өлтүрүүгө чакырган сценаларды пропагандалаган же өзүн өлтүрүү сюжеттерин же өзүн өлтүрүүгө аргументтерди камтыган чыгармалар.

Чыгармалардын жогорудагы категорияларга кирерин же кирбесин аныктай турган мекемелер аралык эксперттик комиссия түзүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
admiral
2016-10-22 11:29:24
Эң сонун
+15
tashi62
2016-10-22 11:44:41
Ээнсиреген үйгө окшогон тасмаларды жок кылуу керек .
+21
Bakyi
2016-10-22 11:47:30
Мыкты чечим болуптур Аллахым раазы болсун кылгандарга
+18
nokia96
2016-10-22 11:47:44
Ото сонун
+12
rejepova
2016-10-22 12:12:43
анда эробекетинерди да жазбагыла !
+24
yrysbek
2016-10-22 13:37:14
Туура ыйманды сактоо ушунтип башталат.
+8
suban78
2016-10-22 13:39:45
Эн жакшы, хотя бы кыргыз кинолорун уй було менен кенен отуруп королучу. Азаматтар.
+17
nur123456
2016-10-22 14:16:13
Кызык бийликти куч менен басып алса курал колдонуп басып алса болот а корсоткону болбойбу
+10
Grand
2016-10-22 17:10:26
Биз анда кино эмес, мутпилим тартышыбыз керек экен.
+8
alina79
2016-10-22 17:33:23
Илгери, вернее 1990жылга чейин обушкон кинолор жок болчу.Ошондо деле соп сонун,тып тынч жашап келгенбиз.Азыркы порнонор барын бузуп атпайбы,ошон учун кыз зордуктоолор коп болуп атат да.Алып салса жакшы болмок,бирок кором десе башка жактан деле таап алып коро беришет да.
+6
Azizbek.kg8
2016-10-23 00:46:57
Туура калыптыр.уйбуло менен олтуруп кыргыз кинолорун да нормально коро албаймын,Мисалы Айыл окмоту ,Ээнсиреген уй,Ж.Б.У.С кинолор бар
+2
Ananai
2016-10-23 13:18:21
Азаматтар...
0
Istina1000
2016-10-24 01:10:04
Ачык тасмаларга тыюу салганы жакшы, бирок экинчи пункт бийликтин кызыкчылыгы болуп кетиптир го. Анда, чындыкты фильм аркылуу чанылдыруу мумкун эмес болуп калат го. Фильмде бир адамдын тагдыры чагылдырылган учурда да, ошол адамдын ошондой болгонуна жогору жактагылардын кандайдыр таасири болот эмеспи. Анткени, ар бирибиздин тагдырыбыз мамлекетибиздин тагдыры мн терен байланыштуу го
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан