Бельгиялык кондитерлер дүйнөдөгү эң узун эклер таттуусун жасашты

Бельгиялык кондитерлер дүйнөдөгү эң узун эклер таттуусун жасашты. Бул тууралуу "Интерфакс" басылмасы жарыялады.

"Бельгиянын Вервье шаарында узундугу 676,6 метрди түзгөн эклер таттуусун жасашты. Бул дүйнө боюнча жасалган эң узун таттуу азык", - дешет бельгиялык жалпыга маалымдоо каражаттары.

Анын жасалышына 20дан ашык кондитер катышкан. Рекорд нотариус аркылуу күбөлөндүрүлгөнү менен, "Гиннесстин китебине" кирбей турганы маалым болду, себеби уюштуруучулар тиешелүү билдирме жөнөтүшкөн эмес.

Эклердин жасалышына 70 килограмм ак май, 2 миң жумуртка, 50 килограмм ун, 300 литр сүт керектелген. Бул ингредиенттерди сатып алуу үчүн демөөрчүлөр 1500 евро бөлүп беришкен. 6 миңге бөлүнүп сатылган эклерден түшкөн каражат кайрымдуулукка жумшалат.

Буга чейин швейцариялык кондитер узундугу 503 метр эклер жасап, "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан