Ысык-Көлдө баптист аялдын сөөгү жерге берилди

Ысык-Көлдө баптист аялдын сөөгү кечээ, 23-октябрда Теплоключенка айылындагы мусулмандардын эски мүрзөсүнөн 500 метр ары көмүлгөнүн облус казысы Алмазбек Сагындыков SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, буга жергиликтүү тургундардан эч ким каршылык билдиришкен эмес.

Буга чейин Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында 60 жашка барып калган маркум аялдын сөөгүн жерге берүүдө чыр чыгып, айыл тургундары каршы чыгышкан. Буга маркумдун христианчылыктын баптизм агымын карманып жүргөнү себеп болгон. Кийин район акими, жергиликтүү бийлик, укук коргоо органдары жана туугандары кеңешип, аялдын сөөгүн мусулмандардын эски мүрзөсүнөн 500 метр ары жакка көмүү чечимине келишкен.

Мындай окуя жакында Ала-Бука районунда болгон. Баптист аялдын сөөгүн жашырганга жер табылбай чуу чыккан. Маркумдун сөөгү 3 жолу жерге берилип, 3 жолу тең каршылар тарабынан казылып алынганы маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
AKCAHAT
2016-10-24 17:34:36
Колдуктор адам экен.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан