Пекиндеги конференцияда акылдуу роботтордун түрлөрү көрсөтүлүүдө

Кытайдын Пекин шаарында роботторго арналган Дүйнөлүк конференция өтүп жатат. Ага 11 өлкөдөн 300дөн ашуун эксперт катышууда. Бул тууралуу "Gbtimes" басылмасы жазып чыкты.

Конференцияда өнөр жайда жана тейлөө жаатында колдонулуучу роботтор гана эмес, көңүл ачууга арналган роботтор да көрсөтүлүп жатат. Андай роботтор бийлеп, футбол ойноп, каллиграфия жазууларын жаза алышат. Ошондой эле конференцияда нейрохирургияда жардам бере турган роботтор көрсөтүлүп, Пекинде 5 ооруканада колдонуу чечими чыкканы айтылган.

Кытайдын вице-премьери конференциянын катышуучуларын роботторду колдонууга чакырды. Статистикалык маалыматтарга ылайык, Кытай 2015-жылы 66 миң робот сатып, бул тармакта башкы сапта турат.

Кытай өлкөсү роботторду өнөр жай жана тейлөө жаатында колдонууга умтулуп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
yoona96
2016-10-24 11:42:27
Эми бара бара роботтор менен жашап булар менен иштешип калат экенбиз да бирок ким билет булар кобойгучо
бул дуйно эмне болуп кетет бирок робботсуз эле аллахым берген жашоо озу сонун
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан