Бюджеттин кирешелеринин толбой калышын жоюу максатында өкмөт тарабынан жалпы суммасы 19 миллиард сом болгон кошумча булактарды табууга багытталган чечимдер кабыл алынган. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунда премьер-министр Сооронбай Жээнбеков билдирди.
Анын айтымында, бул кошумча ресурстарды негизинен төмөнкүлөр түздү: салыктык эмес кирешелер 5 миллиард 542 миллион сом, президенттин кийлигишүүсү менен Орусиядан, Азия өнүгүү банкынан, Европа биримдигинен жана башка донорлордон келген гранттар 4 миллиард 200 миллион сом. "4,5 миллиард сом салыктык кирешелер жана 3 миллиард 700 миллион сом башка гранттар түшпөй калганын баса белгилеп кетишим керек. Ошол эле убакта жогоркуларга кошумча дагы үч мүмкүнчүлүктү жараттык: 5 миллиард 528 миллион сомго кошумча каржылоо ресурстары табылды. Өткөн жылдын казынасынын эсебинде калган каражаттар 5 миллиард 669 миллион сомду түздү. Бюджеттин чыгымдарын оптималдаштыруу жана чыгашаларды кыскартуу 5 миллиард 106 миллион сомго жетти", - деп билдирди өкмөт башчы.
Жыйынтыгында ал кошумча табылган бардык ресурстарды жана бюджеттик чыгашаларды оптималдаштыруунун суммасы 19 миллиарддан ашык сомду түзгөнүн маалымдады.