Бүгүн, 24-октябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
КСДП фракциясы бүгүн коалициялык көпчүлүктөн чыгып, коалициялык өкмөттү отставкага кетирип, өнөктөштөрү “Ата Мекен” менен “Өнүгүү-Прогресс” фракцияларын оппозицияга айдады. КСДПга мындай кадам жасоону Өмүрбек Текебаев өзү сунуш кылган. Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Жогорку Кеңеште Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана парламент регламенти боюнча комитет башчысын шайлоо маселесинде коалициялык көпчүлүктүн ичинде пикир келишпестиктер жаралып, КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов "коалициялык көпчүлүктө бири-бирибизди түшүнбөй жатабыз, бул эки фракция коалициядан чыксын" деп чыккан эле. Өмүрбек Текебаев коалициялык макулдашууда "президенттин Конституцияны өзгөртүү демилгесин колдоо керек" деген пункт жоктугун, “Ата Мекен” макулдашууну аткарып жатканын, иштеше албаса, коалициядан КСДП өзү чыгышы керектигин айткан. Ал кезде КСДП “Ата Мекендин” лидерине жооп кылган эмес. КСДП бул сунуштун үстүнөн иштеп, Өмүрбек Бабанов башында турган “Республика-Ата Журт” тарабынан колдоо табууга бир айча убакыт кетирди. Коалициядан чыгуу чечимин түшүндүрүүдө КСДП “Ата Мекен” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракцияларын мародёрчулукка, Акаев-Бакиев кызыкчылыктарын коргоого айыптады. Демек, бүгүндөн баштап мамлекеттик жана бийликчил маалымат булактарынан жогорудагы эки фракциянын дарегине дал ушундай каралоо, айыптоолор башталат деп күтсө болот. Коалициянын урашы “Ата Мекен” – КСДП тирешин күчөтө турган болду.
Иса Өмүркулов "аты аталган эки фракция “Кумтөр” боюнча кылмыштардын эскирүү мөөнөтүн алып салууга каршы” деп көпчүлүктүн назарын негизги маселеден башка ишке бурууга аракет жасады. “Ата Мекенди” минтип айыптоо мүмкүн эмес. Анткени “мамлекеттин кызыкчылыктарына каршы чыккынчылык кылуу”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “коррупция” боюнча кылмыштардын эскерүү мөөнөтүн алып салуу, мындай оор кылмыштарды кечирбөө демилгесин дал ушул “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештин мурунку чакырылышында көтөрүп чыккан. Дал ушул фракциянын өкүлү Аида Салянова башкы прокурор кезинде "2003-жылы “Кумтөр” боюнча мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келе турган келишимге кол коюшкан" деп мурунку министр, мамлекеттик мекемелердин жетекчилеринин үстүнөн кылмыш иши козголгон. Тилекке каршы, бул адамдар соттордун жардамы менен “кылмыш мөөнөтү эскирди” деп кутулуп кетишти. Айыпталгандардын катарында ошол кездеги каржы министри Болот Абилдаев да бар болчу. Бул адам учурда “Газпром” компаниясынын Кыргыз Республикасындагы филиалынын жетекчиси. Аталган ишкана президент Алмазбек Атамбаевдин, бийликтин өткөрүп жаткан аш-той, иш-чараларына өзгөчө марттык менен демөөрчүлүк кылып келет.
Өмүркулов президент тарабынан коалицияны куроо мандаты бериле электе кийинки коалицияда кимдер болуп, кимдер болбошу тууралуу сөз кыла баштады. SUPER.KG порталы буга чейин "Күнсерепте" Өмүрбек Текебаев менен Бакыт Төрөбаевди сүрүп чыгып, коалицияга Өмүрбек Бабановду кошчу болсо, КСДП Түндүк-Түштүк балансын бузарын жазган. Учурда кийинки коалиция КСДП (38 мандат), “Кыргызстан” (18 мандат) жана “Республика-Ата Журт” (28 мандат) фракцияларынан куралары айтылып жатат. Көрүнүп тургандай, Иса Өмүркулов, Канатбек Исаев жана Өмүрбек Бабанов дагы өлкөбүздүн түндүк аймагынын өкүлдөрү...
Акыркы күндөрү бийликке саясатчы, коомдук ишмерлер, жарандык активисттер эле эмес, дүйнөгө таанымал өнөр адамдары да нааразычылык билдире башташты. Алсак, дүйнө жүзүнө таанымал пианист Азамат Сыдыков “Баш мыйзам талап кылгандай жарандардын укуктарын коргобой жатат” деп бийликти айыптады. Музыкант өткөн аптада Ала-Бука районунда каза тапкан аялдын сөөгүн баптист деп улам казып чыгарып салуу окуясында бийлик өз милдетин аткарган жок деген пикирде. “Элден салык алып жатканда бийлик "Сен христиан, атеист, коммунист эмессиңби?" деп сурабайт да. Ал эми мүрзө тууралуу сөз болгондо, көрдүңүздөр да, адам өзү кызмат кылып, мээнети менен салык төлөгөн жерден чарчы метр жайга ээ болбой калганын. Дүйнөдө 2,4 миллиард христиан бар. Акча алып жатышканда эч ким "Бул протестанттардын акчасыбы же мусулмандардыкыбы?" деп сурабайт. Ал эми адамды коргоого келгенде сөзсүз түрдө анын ким экенин билүү зарылбы?" - деп суроо салат музыкант. Азамат Сыдыков өңдүү АКШда жашап жаткан кыргыз эле эмес, өз мекенинде жашап жаткандарда деле мындай суроолор жаралды. Бирок өлкө башчылыгынын азыр күн санап жайылып, күчөп бараткан мындай көйгөйлөрдү чечүүгө убактысы жок. Бийлик Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү, “Ата Мекен” өңдүү оппоненттерин каралап эл алдында аброюн, таасирин азайтуу аракети менен убара...