Депутат Данияр Аттокуров: "КСДП парламенттеги көпчүлүк коалициясынан чыкты"

КСДП фракциясы парламенттик коалициядан чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган фракциядан депутат Данияр Аттокуров билдирди. Анын айтымында, тиешелүү чечим бүгүн, 24-октябрда эртең менен фракциянын жыйынында кабыл алынды. Ал эми жаңы коалицияга кайсы фракциялар кирери сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында чечилерин депутат баса белгиледи. "Жакын арада фракция лидери Иса Өмүркулов расмий билдирүү жасамакчы", - деди Аттокуров.

Айта кетсек, коалициялык көпчүлүккө КСДП, "Кыргызстан", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Ата Мекен" фракциялары кирген. Ал эми коалициялык азчылык "Республика-Ата Журт" менен "Бир болдон" турган. Альянска кирген КСДП менен "Кыргызстан" Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумду колдошкон, "Ата Мекен" менен "Өнүгүү-Прогресс" бул демилгеге каршы чыгышкан.

Өмүркулов КСДП эмнеге коалициядан чыкканын түшүндүрдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан