Соңку убактарда Бишкек шаарындагы "Дыйкан" базарынын айланасында жаралган чуулуу окуя бүтүндөй өлкөгө тарады. 14-октябрда аталган базар коопсуздук эрежелери, санитардык абал сакталбагандыгы үчүн жабылганын, андагы соодагерлер "Сары-Өзөн" базарына көчүшү керектигин Бишкек шаардык мэриясы жарыялаган. Мындан улам соодагерлердин арасында нааразычылыктар жаралып, 100гө жакын адам Ак үйдүн алдына базардын жабылбашын талап кылып чыккан.
Ал соодагерлер менен 24-октябрда жолуккан Ленин районунун акими Нурдин Тынаев базардын коопсуздук эрежелери сакталбаганын айтып, жаңы ачылган Фучик көчөсүндөгү "Сары-Өзөн" базарына көчүү талабын койгон. Мындан сырткары Тынаев "Дыйкан" базарынын администрациясы мамлекеттик төлөмдөрдү төлөбөгөнүн кошумчалаган.
Ал эми "Дыйкан" базарынын жетекчиси Анарбек Сейитказымовдун айтымында, акимдин сөздөрү жалган.
"Базарга кире бериштеги жолго асфальт төшөткөм. Андан ары Бишкек шаардык мэриясына карайт. Ал эми акимдин акча төлөгөн эмес дегени калп. Мен ушул күнгө чейин мамлекетке 34 миллион сом акча которгом. Мен аны чөнтөгүмө салып алган жокмун", - деди.
Ошол эле базардагы соодагерлер "Сары-Өзөн" базарында эч кандай шарт түзүлбөгөнүн айтышууда.
"Жаңы базарда контейнерлерди жылуулаш үчүн 500 миң сомго жакын акча каражаты кетет. Биздин андай мүмкүнчүлүгүбүз жок. Карапайым элди кыйнаган болбойт. Алгач "Ала-Арча" базарынан кууп чыгышты. Кийин "Баткен" базарынан кубалашты. Эми бул базарды жабабыз деп жатат. Биз базардан кетпейбиз", - деген Самара Сулаймановага өзүн Роза деп тааныштырган сатуучу: "Биз "Сары-Өзөн" базарына барып иштегенге даярбыз. Базардын жайгашуу абалы мага жакты. Чоң жолдун четинде жайгашыптыр. Түзүлгөн шарттары толук кандуу бизди канааттандырат", - деп жооп берген.
Жаңыдан ачылып, соодагерлерге орундук берилип жаткан "Сары-Өзөн" базары толугу менен ишкерлерди кабыл алууга даяр экенине күбө болдук. Андагы түзүлгөн шарттар боюнча "Сары-Өзөн" базарынын директорунун орун басары Эркинбек Калыгулов SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү айтып берди:
"Биздин базар 13 гектар жерди ээлейт. Базарга 4 тараптан унаа кирип-чыгуучу жол бар, андыктан жол тыгыны жаралбайт. Жалпысынан соодагерлерге 1500 орун даярдалды. 80 контейнер коюлуп, соода кылууга даяр турат. Атайын таштанды таштоочу жай курулган. Күн сайын түнкү саат 02:00дө жуулуп-тазаланып турат. Соода контейнерлерин жылуулаш үчүн 5 миң сом каражат жумшалат. Азыркы убакта базар толук кандуу иштегенче, орундуктар 3-4 айга чейин бекер берилет. Базардын бардык жери асфальтталган. Видеокөзөмөлдөр орнотулуп жатат".
Алдын ала маалыматтарга ылайык, базарды атайын коопсуздук кызматы, аймактык жана Патрулдук милиция көзөмөлдөйт. Азыркы убакта "Сары-Өзөн" базарында дүңүнөн картошка саткан соодагерлер гана бар экени белгилүү болду.
Эске салсак, "Дыйкан" базарында учурда 700гө жакын адам иштейт.