ЖЫЛНААМА, 25-ОКТЯБРЬ: 1922-жылы Орусияда Жарандык согуш аяктап, өлкөнүн бардык аймагында совет бийлиги орногон

Жарандык согуш 1918-жылдан 1922-жылга чейин Кызыл Армия менен ак гвардиячылардын ортосунда болгон. Октябрь революциясынан кийин Орусиянын бийлиги Убактылуу өкмөттөн большевиктердин колуна өткөндө ак гвардиячылар нааразы болуп, 4 жылга созулган Жарандык согуш башталган.

Жарандык согуштун негизги себептери болуп курч саясий, социалдык жана улуттук-этникалык карама-каршылыктар, Биринчи дүйнөлүк согуштагы чечилбей калган агрардык маселе саналат. Бул көйгөйлөр Февраль революциясынан кийин курчуп кеткен.

1922-жылдын 25-октябрында Ыраакы Чыгыш Республикасынын Элдик-революциячыл армиясынын бөлүктөрү И.Уборевичтин кол башчылыгы алдында Владивостоктун аймагына кирип барышкан. Андан 2 саат мурда ак гвардиячылардын жана япондордун кемеси шаарды таштап артка чегинишкен. Бул окуя Жарандык согуштун аякташы болуп эсептелет.

Согуштун жыйынтыгында Орусиянын бардык аймагында большевиктердин бийлиги орнотулган. 15 миллиондон ашык адам өлтүрүлүп, оорудан жана ачкалыктан өлгөн. Бийлик 2 жарым миллиондон ашуун адамды өлкө аймагынан көчүргөн.

25-октябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан