Бишкек шаарынын Свердлов районунда селсаяктар үчүн баш калкалоочу жай ачылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирди.
"Баш калкалоочу жай 25-октябрда ачылды. Социалдык коргоо башкармалыгы бөлмөдө оңдоп-түзөө иштерин жүргүздү. Жаңы матрацтар, жууркандар жана жаздыктар сатылып алынды. Андан сырткары бөлмөгө меш орнотулуп, отун жана көмүр алынды. Тамак-аш маселеси чечилди, жакынкы арада социалдык кызматкерлер ысык тамак менен камсыздай башташат", - деп айтылат маалыматта.
Баш калкалоочу жай 40 адамга эсептелген, бирок төшөнчүлөр ашыгы менен сатылып алынган. Себеби буга чейин жыл сайын мындай жайларга келген адамдардын саны көп болгон. Селсаяктардын абалын Үй-бүлөлүк медицина борборунун адистери текшерип турушат.