Токтогул шаарынын борбордук көчөсү гирлянда, лампалар менен жарыктандырылат

Токтогул районуна караштуу Токтогул шаарынын борбордук көчөсүндө 3,5 чакырым жол жарыктандырылат. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда SUPER.KG порталына Токтогул районунун мамлекеттик администрациясынын башкы адиси Максат Казатов билдирди.

"Токтогул шаарын аралап өткөн Бишкек-Ош жолунда унаалар абдан катуу ылдамдыкта жүрүшөт. Муну менен катар жолдун эки тарабы жарыктандырылган эмес, мындан улам жол кырсыктары да көп катталат. Бул жагдайларды эске алып, ошондой эле шаардын инфраструктурасын өнүктүрүү максатында 3 миллион 800 миң сомдук тендер өткөрүлдү. Учурда келишим кагаздары түзүлүүдө. Бир жуманын ичинде электр мамыларын орнотуу иштери башталат", - деп билдирди Казатов.

Маалыматка ылайык, аталган жолго 60 даана электр мамысы орнотулат. Жол четине орнотулуучу лампалар күн батканда автоматтык түрдө жанып, күн чыкканда өчүп турат. Буга кошумча заманбап гирлянда менен кооздолуп, шаарга көрк берип турмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Genar.benicio
2016-10-26 22:56:42
Токтогул чынында Токио болот экен да э! Таш-таш бж бж бж
+3
lenovo820
2016-10-27 07:16:21
Toktogul guldosunchu
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан