Дүйнөлүк банк "Doing Business-2017" рейтингин жарыялады. Анын жыйынтыгына ылайык, Жаңы Зеландия бизнести жүргүзүү үчүн эң ыңгайлуу деп табылып, 1-орунда турат. Орусия эки жыл катары менен бизнести жүргүзүү боюнча абалын жакшыртып, 51-орундан 40-орунга жылды.
Ал эми коңшу Казакстан 35-орунду ээлеп, Орусияга караганда алдынкы сапта турат. Дүйнөлүк банктын эксперттери белгилегендей, бизнес жүргүзүүнү жеңилдетүү боюнча абал Кыргыз өлкөсүндө начарлады. Буга чейин 67-орунда турса, бул жылы 8 орунга артка жылып, 75-сапта турат. Ал эми Өзбекстан 85, Тажикстан 128, Кытайдын 3 шаары 4, 11, 78-саптардан орун алган. Эң төмөнкү орунда Сомали турат.
Жыл сайын өтүүчү "Doing Business" рейтинги Дүйнөлүк банк жана Эл аралык каржы корпорациясы тарабынан жүргүзүлөт. Эксперттер дүйнөдөгү 190 өлкөгө бизнести баштоо, салык төлөө, жеке мүлктү каттоо жана эл аралык сооданын өнүгүшү сыяктуу көрсөткүчтөрдүн негизинде рейтинг түзүшөт.