Чек ара органдарынын офицерлеринин командалык жана кесиптик сапаттарын жогорулатуу максатында жыйын өтүүдө

"Ош" чек ара отрядынын базасында Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик чек арасын кайтарууну уюштурууда мамлекеттик чек ара органдарын жана аскерлерин башкарууда кызматтык милдеттерин аткарган офицерлердин командалык жана кесиптик сапаттарын жогорулатуу максатында 25-октябрдан 29-октябрга чейин жыйын өткөрүлөт. Бул тууралуу МЧКнын басма сөз кызматы бүгүн, 27-октябрда кабарлады.

Жыйын учурунда ыкчам-тактикалык жана кызматтык-күжүрмөн маселелерди чечүүгө бирдиктүү ыкмалар иштелип чыгары маалым болду.

"КМШнын тышкы чек арасындагы тез алмашып туруучу кырдаалды, Ооганстандагы жана Жакынкы Чыгыштагы жагдайды эске алуу менен мамлекеттик чек араны бекемдөө, ошондой эле чек ара бөлүктөрүнүн күжүрмөн машыгуусун, мобилдүүлүгүн жана ыкчамдуулугун жогорулатуу Чек ара ведомствосунун негизги тапшырмасы болуп саналат", - деди Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Абдикарим Алимбаев.

"Чек арадагы жагдай күндө алмашып турат, ошондуктан биз мамлекеттик чек араны кайтаруунун жаңы ыкмаларын жана формаларын үйрөнүү, алардын чек ара бөлүктөрүндө иш жүзүндө кандай колдонулуусун көрүү чек араны сапаттуу кайтарууга жардам берет", - деп белгиледи "Ала-Бука" чек ара отрядынын башчысы Бакыт Жангазиев. Жыйындын жүрүшүндө жетекчилик курам жана чек ара отряддарынын башчылыгы күжүрмөн, ок атуу жана физикалык даярдык боюнча зачётторду тапшырышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Alixan-Nookat.2015
2016-10-27 20:29:37
Азаматсыңар чек араны көздүн карегиндей сактап журушунорго тилектешмин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан