Депутат Жолдошбаев: "Биз Бишкекте -3 градус суукта титиреп тоңуп отурабыз, Нарында -15 градус болуп жатат"

Жогорку Кеңештин 27-октябрдагы жыйынында депутат Камчыбек Жолдошбаев өкмөттөн жарандарды көмүр менен камсыздоо маселесин чечип берүүнү суранды.

"Нарын облусунда суук болуп жатат. Биз -3 градус суукта титиреп тоңуп отурабыз, Нарында температура -10 градустан -15 градуска чейин жетүүдө. Шаарларга "Кара-Кече" кенинен көмүр келбей кыйын болуп жатат. Мындан улам көмүрдүн бир кабы 350 сомдон сатылууда. Тиешелүү мекемелерге, мэрияларга бул маселени чечүүнү тапшырыш керек. Сокулук, Аламүдүн райондорунда, Нарын жергесинде да кыйын болуп жатат. Кара-Кечеде узун кезектер түзүлүп, ал жерде ар түрдүү адамдар жүрүшөт. Илгеркидей айдоочуларды коркутуулар орун алууда", - деп кайрылды өкмөткө депутат.

Мындан тышкары ал Төө-Ашуу, Ала-Бел, Долон ашууларында илгеркидей кум, туз себилбей калганынан улам жол кырсыктары болуп жатканын баса белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Mongol1155
2016-10-27 10:07:32
Туура которулгон суроо.Эми окмот оз элин Кара-кеченин комуру менен камсыздай албаса,анда уят эле.Элдер акчалары менен комур алалбай журот.Посредник дегенди жоюп койсонор жакшы болот эле.
+10
bessmertnyi
2016-10-27 14:08:08
Кара-кече комурун ушул Жолдошбаевдин фирмалары казат го. Калп эле элди ойломуш болуп бизнесинин кызыкчылыгын коздоп атат да.
+3
Mercedes202
2016-10-28 00:13:26
bessmertnyi,туура айттын кептин атасын айттын да
0
aismiris
2016-10-28 12:18:20
Кара-Кече Беш-Сары деген ушунун фирмасыго чагымда каралардан бироо жарым корутуп жатканго ошону парламенте кичине которуп коеюн дегенго элдерди комур менен камсысдаса озунон башташ керек арсан сатса кабы 350 сом болбойт элего
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан