Өзбекстанда башкаруунун эски ыкмасынан чыга албаган мамлекеттик 30 кызматкер жыйында уяткарылды

Өзбекстанда башкаруунун эски ыкмасынан чыга албаган Маданият жана спорт иштери боюнча министрликтин 30 кызматкерине жазалоо чарасы көрүлүп, 500 адам катышкан жыйында уяткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, министрликтин коллегиялык жыйынында министр 30 кызматкерди орундарынан тургузуп сындаган. "Бул абдан аянычтуу көрүнүш болду. Алар эс алуу үчүн 894 орундун ордуна болгону 189ду түзгөн деп айыпталышты", - деп жазылат маалыматта.

Министрликтин кызматкерлери президенттин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзийоевдин электрондук кабылдамасына келген даттануулардын негизинде жазаланышкан. Маданият маселелери боюнча министрдин орун басары Фотих Жалолов "алар башкаруунун эски ыкмаларынан баш тарта албагандыгы үчүн жазалоо чарасы колдонулду" деген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
paula.90
2016-10-27 13:09:17
Булардын министирлери да жакшы иштейт,мамлекеттин өнүктүрүп, биздикилер бири-бирин чукуп эле олтурушат да чиркин...
+10
Emilzima
2016-10-27 15:33:04
уяты бар экен жер карап турушат,а биздин чондордун былыгы явно чыгып турса да мурду асманды карап "осурган кыз осурбаган кыздын бетин аймайт" дан болот.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан