Өлкөдө 2016-жылы 101,3 гектар аянтка 1119 күнөскана курулган

Өлкөдө 1500 гектардан ашуун жер тамчылатып сугаруу системине өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Айыл чарба багытын өркүндөтүү, тамчылатып сугаруу системин жакшыртуу, күнөсканаларды куруу максаттары ишке ашып жатат. Өткөн 2015-жылы өлкө боюнча 676,5 гектар жер тамчылатып сугаруу системине өткөн болсо, бул көрсөткүч 2016-жылы 1554,5 гектар аянтка жеткен. Учурда дыйкан-фермерлерди адистер жерине барып окутуу үчүн даярдык иштери жүрүп жатат", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, өлкөдө 2016-жылы 101,3 гектар аянтка 1119 күнөскана курулган. Өткөн жылы 742 күнөскана иштеп, айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан