"Мегакомдун" башчысы "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү эмес экенин расмий түрдө жарыялады

"Мегаком" компаниясынын директору Азат Базаркулов "Ата Мекен" саясий партиясынын мүчөсү эмес экенин расмий түрдө жарыялады. "Мен бир да саясий партияга мүчө эмесмин. Сиз менен, Өмүрбек Чиркешович, бүгүн биринчи жолу жолугуп жатам", - деп бүгүн, 28-октябрда Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында Базаркулов Өмүрбек Текебаевге кайрылды. Буга чейин фракция лидери Текебаев жергиликтүү басылмалар "Азат Базаркулов "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү" деп жазып жатышканын эскертип, ал кайсы партиянын мүчөсү экенин сураган эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
adilbars
2016-10-28 13:21:46
Текебаевден эч нерсе таба албайт
0
daniel87
2016-10-29 22:16:29
Текебаев президент болуш керек келечекке ишенич кудайымдан анан Текебаевден
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан