Хашим Зайналиев бир канча жылдан бери онкологиялык оорулар менен жабыркагандарды дарылап келет. Бишкекте атайын борбор ачып, бейтаптарды кабыл алып жатканына бир жылга чукулдап калган. Үстүбүздөгү жылдын июль айында анын дарылоосунан өтүп жаткан 56 жаштагы аял каза тапкан. Бирок ошол учурда милиция да, Саламаттыкты сактоо министрлиги да бул окуя боюнча кабардар болуп туруп эч кандай чара көрүшкөн эмес. Кийин окуянын чоо-жайы жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккандан кийин гана тиешелүү органдар кыймылдай башташты. Ички иштер министрлиги “мыйзамсыз дарылоо” боюнча кылмыш ишин козгоду. Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлиги Хашим Зайналиевге эч кандай лицензия берилбегенин жана анын ишмердүүлүгү мыйзамсыз экенин айтып чыкты.
Бүгүн, 28-октябрда Саламаттыкты сактоо жана Ички иштер министрликтеринин өкүлдөрү аталган жайды жабуу үчүн барышкан, бирок андан жыйынтык чыккан жок. Хашим Зайналиевдин дарылоо курсунан өтүп жаткан 16 бейтаптын баары ооруканага баруудан баш тартышты. Алардын бири Гүлнур Жайлообаева: “2015-жылы жатын моюнчасынан кан кетип, ооруканага жатып калгам. Анда рактын 3-даражасы деген диагноз коюшкан. Жалпы 50 жолу нур терапиясын алдым. Ал да жардам берген жок. Акыры ооруканадагылар “дарылай албайбыз” деп коюшту. Айлам кеткенде бул жакка кайрылдым. Менин да жашагым келет. Онкологияга чакырсаңар да албайт. Айыктырса эбак эле жакшы болуп кетмекмин да”, - деди.
Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинин медициналык жана фармацевттик ишмердүүлүккө лицензия берүү бөлүмүнүн башчысы Бурул Арзыкулова, ушул кезге чейин бир дагы табыпка лицензия берилбегенин айтты.
“Хашим Зайналиевдин элди дарылап жатканы мыйзамсыз, себеби ага лицензия берилген эмес. Ошондой эле анын медициналык билими жок. Бейтаптарды кандай чөптөр менен дарылап жатат, ал дагы белгисиз. Ал чөптөрдүн курамы алынып, экспертизадан өтөт. Аталган жайды бүгүн жаап, бейтаптарды ооруканага алып баралы дегенбиз, бирок алардын баары каршы болушту. Мындан улам табыптын мыйзамсыз ишмердүүлүгүн улантып жатканы боюнча акт түзүлдү”.
Мыйзамсыз дарылоого айыпталып жаткан табып Хашим Зайналиев 4 жылдан бери ишин мыйзамдаштыра албай жүргөнүн билдирди.
“Бул жакка ооруканадан чыгып калгандар келишет. Тариф суткасына 2 миң сом, бирок ал акчаны баары эле төлөп бере алышпайт. Көбү колунан келгенин берет. Аларды чөптөр менен дарылайм, эч кандай химикаттар колдонулбайт. Рак илдетин дарылоонун жолун тапканыма 4 жыл болду. Ошондон бери жасап жаткан ишимди мыйзамдаштыра албай жүрөм. Саламаттыкты сактоо министрине чейин кирдим, бирок ал да оң жооп берген жок. Алар менин медициналык билимимдин жоктугун себеп кылышууда".
Ооба, чынында, ар бир адам кимге барып дарыланарын өзү чечет. Ошентсе да бул нерсе жөнгө салынышы керек. Кыргыз Республикасынын "Жарандардын саламаттыгын коргоо тууралуу" мыйзамынын 15-беренесинде "табыпчылык менен алектенүүгө медицина тармагында жана табыпчылык боюнча атайын даярдыктан өтүп, диплом менен лицензияга ээ болгон Кыргыз Республикасынын жарандары укуктуу" деп жазылган.