СУПЕРСТАН: "Эмне себептен ичкиликтен кийин кыздар кумар оюндарына баткысы келип калышат?"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Эмне себептен ичкиликтен кийин кыздар кумар оюндарына баткысы келип калышат?" деген тема кызуу талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөр:

"Биринчиден, "кыздар" деп көптүк түрдө айтканыбыз туура эмес болот. "Беш кол теӊ эмес" деген макалды эске алышыбыз керек. Экинчиден, ичкилик бир гана кыздар үчүн чыгарылган эмес. Анан да ичкилик ичип алып кумарга батууну каалаган кыздар соо маалында деле каалашат болсо керек. Ошон үчүн булар "айрым бир кыздар" экенин эске алышыбыз керек го".

"Мен ичкен кыздын жанына барбагандыктан, мындай көрүнүшкө туш боло элекмин. Бирок ичкенден кийин адам эмне кылганын, эмне дегенин билбей калат эмеспи. Ал эми кумар оюндарына мурун-кийин батып жүрбөгөн кыздар андай деле болбосо керек".

"Ушу жашка келгени ичкилик иче элек болчумун. Жакында сыра ичип көрдүм, бирок андай деле болгон жок. Тескерисинче, эркектердин каалоосу күч болуп калат го, муну эч ким тана албайт болуш керек. Анткени аяштарым деле күйөөлөрүн ичсе кыйнайт деп айтып калышат. Жашырганда эмне, ичип жүргөндө жолдошум деле ошондой болчу. Ушу ичкиликтин айынан баары башталып жатат. Ала жипти аттоо да ушундан башталат. Кудай ар кимге ыйман берсин. Эгер алсыз болуп, өздөрүнүн мүнөзүн билишсе, ичпей деле коюшса болмок. Ар ким өзүнө жооп берсин".

"Ошол кыздарды бузган - биз, эркектербиз. "Ич эле ич, биз үчүн ичип кой" деп айткандар - бизбиз. Ичкенден кийин өзүӊ билесиӊ, ооздон ак ит кирип, кара ит чыгып калат".

"Ошондой бекен, ээ? Ичпегенден кийин бул суроого жооп бере албайт экенмин. Менин көрүп-билишимче, алкоголдук ичимдиктерди ичкен адам өзгөрүлө түшөт. Сүйлөбөгөн, момун киши бапылдап
ачык-айрым болуп, же тетирисинче, момурап калат го. Ушул ичкиликке мен каршымын".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
beka1207
2016-10-29 16:06:11
Кызуу талкууга алынбай эле эки жыл мурунку тема экен)))))кирип карап чыктым кызуу талкууну көрө албадым лекин))))
+10
Targarien
2016-10-29 22:14:14
beka1207, лекин деп озбекстанга барып суйло
+1
ulik0007
2016-10-29 19:21:32
Колдон келсе ичбей эле койгула.
+12
Woman.
2016-10-29 19:31:52
Не ойдо мындай темаларды башкы бетке чыгарасынар?!
+17
alina79
2016-10-30 14:38:49
Woman.,Жарым жыланач кыздарды коргондо окугусу келип, дагы кобуроок сатып алышат,-ошон учун биринчи бетке чыгарышат.
+4
janylka
2016-10-29 20:27:20
Myndai temalardy gazetaga 4ygarbai ele koiso bolmok antkeni kee biri intetnetten okubai gezit satyp alat anan uiundogulordun baary okuit jaw baldary dele(ki4ine sindilerim okubasyn dep uwundai tema jazylgan barakty airyp sal4umun)
+10
Nadir27
2016-10-29 21:27:01
Мындай темаларды чын эле чыгарбаш керек.Атамын жашы 47де ушул сайтка кундо кирип жанылыктарды окуйт.Анан мындай теманы окуп калса уятко.ХХХ ХХХ
+13
tuigan.
2016-10-29 23:34:29
Арактын иниси пиво.синдиси вино деп Абдышукур ажы айткандай жакын жолобогула.чон куноо болот.Анан да аял киши ото жаман да ичсе.
+6
admin_portal
2016-10-31 15:53:02
abdrakhmanovich, Nadir27, Uson13, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮН талкууга алууга болбойт! Суроо, сунуш, сын-пикирлер gazeta@super.kg же portal@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек!
0
BEKAjan
2016-10-31 22:25:52
admin_portal,корочи элди кантип бузабыз озубуз билебиз отугубузду торго илебиз дегиле э манкурттар.
+1
BEKAjan
2016-10-31 22:26:28
Манкурт эле болуп калгыла эл бузукулары
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан