Түрк ырчылары Таркан менен Мустафа Сандал Кыргызстанга келет

Ушул жылдын 17-21-июнь күндөрү Кыргызстанда “Ысык-Көл” аттуу эстрадалык ырлардын фестивалы өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде Улуттук маданият борборунун директору Рыскул Боронбаев билдирди. Ысык-Көлдүн жээгинде өтүүчү бул иш-чара Кыргызстандын туризмин өнүктүрүүгө багытталган. Анда дүйнөнүн 17 өлкөсүнүн таланттуу аткаруучулары келип өнөрлөрүн тартуулашса, Орусиянын белгилүү алпаруучуларын чакырууну пландап жатканын айтышат уюштуруучулар. “Биз биринчи жолу мындай ири масштабдагы фестивалды өткөргөнү турабыз. Ошондуктан бардык иш-чаралар жогорку деңгээлде өтсө жана башка өлкөдөн келген коноктор фестиваль менен гана эмес, биздин мекендин сулуулугу менен да чер жазышса дейбиз. Ушуга байланыштуу Ысык-Көл облусундагы “Рух Ордо” тарыхый борборун тандап алдык. Мындан сырткары биз Түркиянын ырчысы Мустафа Сандал жана Тарканды атайын конок катары чакырабыз”,- деп билдирди Боронбаев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан