Бүгүн, 31-октябрда Бишкекте жол коопсуздук маселелерине арналган жыйын өтөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, тегерек столго Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт аппаратынын кызматкерлери чакырылган. Иш-чарада Дүйнөлүк ден соолук уюмунун "Травматизм жана зомбулуктун алдын алуу" программасынын координатору баяндама менен чыгат. Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө жол кыймылынын коопсуздугу жана тобокелдиктин негизги фактору маселеси боюнча мыйзамдын жыйынтыктары талкууланмакчы.