Бишкекте бий боюнча 2-эл аралык фестиваль өтөт

21-апрелде Кыргызстандын борборунда бий боюнча эл аралык фестиваль өтөт. Иш-чаранын максаты - жаштарды сергек жашоого үндөө, бийчилер менен бирге алардын окутуучуларын да элге таанытуу. Жарышка 3 жаштан 20 жашка чейинки бийчилер катышып, эстрадалык бий, дүйнө элдеринин бийи жана заманбап бий багыттарында күч сынашат. Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө “Эң мыкты бий”, “Эң мыкты бийчи” жана “Эң мыкты бий жамааты” деп аталган 3 номинация боюнча сыйлыктар берилет. Аталган иш-чарадагы негизги номерлердин катарында акробатикалык ыкмаларга, чыгыш бийлерине жана Бишкектеги музыкалык топтордун чыгармаларын аткаруусуна орун берилет. Фестиваль Бишкек гуманитардык университетинде орун алат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
adik.KG
2013-04-18 22:47:01
эн жакшы жаштар алга))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан