Өтмөк ашуусунан чыга албай калган тажик жаранынын оор жүк ташуучу унаасы жолго чыгарылды

Өтмөк ашуусунан чыга албай тыгылып калган тажик жаранынын оор жүк ташуучу унаасы жолго чыгарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 31-октябрда билдирди.

"Кечээ, 30-октябрда Транспорт, Айыл чарба жана мелиорация министрликтери менен бирге кечке маал чыгарылды. Жол четине чыгып, карга тыгылып калган унааны чыгаруу үчүн 1 грейдер, 1 кран жана кар тазалоочу 1 унаа керектелди. Бул ишти Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Талас районундагы өкүлчүлүгү көзөмөлдөп турду", - деп билдирди басма сөз кызматынын адиси.

Эскерте кетсек, карга тыгылган унаанын жүгүн түшүрүп, андан кийин тартып чыгаруу сунушун айдоочулар четке кагышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tolik
2016-10-31 17:28:54
Жакшы болгон экен. Эми мындан аркы сапарың байсалдуу болсун.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан