Мындай рейтинг SUPER.KG порталында жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгынан соң дайын болду. Эске сала кетсек, SUPER.KG порталы 2016-жылдын 3-октябрында 2017-жылы өтө турган президенттик шайлоого байланыштуу сурамжылоого старт берген. Шарт боюнча сурамжылоо ар 2 апта сайын жаңыланып, жыйынтыгында улам жаңы саясатчылар же президенттик шайлоого бара тургандыгын билдирген талапкерлер кошулуп турмак. Алгачкы жаңылоо 17-октябрда жүргүзүлүп, 17-31-октябрь аралыгында колдонуучулардын сунушу менен айрым саясатчылар сурамжылоого кошулуп, рейтинги төмөн түшүп кеткен Равшан Жээнбеков тизмеден алынган. Жыйынтыгы төмөнкүчө:
Диаграммада көрүнүп тургандай, алдынкы үчтүккө Адахан Мадумаров, Мелис Мырзакматов жана Өмүрбек Бабанов кирген.
31-октябрдан 14-ноябрга чейин сурамжылоонун 3-этабы жүргүзүлө баштады. Тизме экс-муфтий Чубак Жалилов, партия лидерлери Бакыт Төрөбаев, Канатбек Исаев жана президенттик аппараттын өкүлү Сапар Исаков менен толукталды. Чубак Жалилов президенттикке талапкер болсо колдоого аларын айткандар көп, ал эми тизмеге жаңы кошулган 3 саясатчы да жарышка аттанышы мүмкүн делгендердин катарында.