Индиялык ишкер кол алдында иштегендерге 1260 унаа, 400 батирди белекке берди

Өткөн жумада Индияда Дивали майрамы белгиленген. Бул майрамдын урматына аталган өлкөнүн бриллианттарды 70тен ашуун өлкөгө экспорт кылган компаниянын ээси, миллиардер ишкер Савжи Дхолакия кол алдында иштегендерге кымбат баалуу белектерди тапшырган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта жумушунда мыкты жыйынтык көрсөткөн кызматкерлерге ишкер белекке 1260 унаа, 400 батир бергени айтылат. Анын айтымында, компаниянын максаты - 5 жыл ичинде бардык кызматкерлерин жеке батир, унаа менен камсыз кылуу. Ошондой эле ал кол алдындагыларга биринчи жолу мындай баалуу белектерди берип жаткан жок. Алсак, 2014-жылы ишкер өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге 200 батир, 400 унаа жана 500 топтом зер буюмдарын белекке берген.

Кызыгы, ушул жылдын жай мезгилинде Дхолакия 21 жаштагы уулун өлкөнүн түштүгүндө жайгашкан анча чоң эмес шаарга жумуш жана жашоого жай табуусу үчүн жөнөтүп жиберген. Уулу өзү менен кошо бир аз кийим-кече жана керектөө үчүн болгону 100 долларга жакын акча алган.

Маалымат үчүн:

Дивали майрамы Индиядагы эң негизги майрамдардын бири катары эсептелет. Бул жакшылык жамандыкты жеңгенинин символу катары түшүндүрүлөт. Бул күнү көчөлөрдө оттор жагылып, белек же таттуулар таратылат. Индия корпоративдик этикасында Дивали майрамында ийгилик жараткан кызматкер сыйланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Arslan12
2016-11-01 11:50:06
Ишкер деп ушуну айтса болот, биздин ишкерлердин байлыгы чет олкодо сакталып турат!
+29
Tansuluu09
2016-11-01 11:53:28
Азамат!!!
+13
nurik903
2016-11-01 12:01:57
биздикилер ушундай кыла алышабы экен
+7
kansulu
2016-11-01 12:14:49
nurik903,
Биздикилер кайра алат
+12
eku97
2016-11-01 12:19:37
Биздикилер үлгү алышса кана. 1260 унаа эмес 1260 сом бере алышпайт го байлыгы түгөнүп калчудай болуп
+14
Sezim.A
2016-11-01 12:33:21
Мынча жакшы инсан,уккан кулак суйуно турган кабар.Баласын да туура тарбиялап ак эмгеги менен нан таап жесин деген инсан экен да.Биздикилерге да жуксун ушундай жакшы нерселер.Ишине ийгилик дагы да коптогон адамдарды уйлуу жайлуу кылышына чын журоктон тилектешмин!!!
+15
tahircan
2016-11-01 12:39:20
Дагы 50-100 жылдан кийин бул адамды индустар кудай кылып алышат ))
-5
bekhaliev
2016-11-01 12:44:57
Урматуу Савжи Дхолакия келип биздин чиновниктердин оозуна тукуруп кетинизчи
+29
33SUUN
2016-11-01 13:10:26
Мындай жакшы кишилерге кудайдагы байлыкты ченебей бере берет.Чыныгы эл учун иштеген инсан.Омуру узуун болсун.Биздин байлар ойлонушса экен.Кыйналган элге кылган жакшылык чыгашасы кайра озуно он эсе киреше алып келээрин тушунушпойт эч.
+13
tashi62
2016-11-01 13:12:46
Биздин чоңдор угуп мыйыгынан күлүп келесоо индус экен дешсе керек .
+23
Altysh_Boldush
2016-11-01 14:59:19
Биздин атка минерлер сабак алса болом ушундай инсандардан. Бизде 5 мин $ коп акчасы бар инсан эчнерсен корбой калат)))
+10
Keremet008
2016-11-01 15:44:21
Биздикилер чондор Ар бири 2-3 уй булого жок дегенде 1 т комур тушуруп беришсе деле аябай чоон иш болмок
+9
Keremet008
2016-11-01 15:45:09
Ош Пирим комурду жон эле тытып атат го кудаасыбы башка жээниби бекер жагышат
+6
yasmina_kg
2016-11-01 17:17:18
Бизде уй машинаны айтпай эле коелу жардам сураган оорукчан балдарга эле жардам берип коюшса кана дуйносун коруно ала кетчудой болуп бир сом жардам бербегендер толтура.
+9
temirov76
2016-11-01 19:34:58
yasmina_kg,биздин чоңдорго муну мисал кылып,оорукчан балдарга жардам бер дебегиле,чочуп коркуп кетип эси ооп жыгылып калса балеесине каласыңар.
+3
kubat_73
2016-11-01 19:19:16
Анык азамат экен а биздикилер бир сомум чыккыча жаным чыксын деген байкуштар да
+8
sher.ella
2016-11-02 11:04:41
Биздикилер наборот алат бербейт биздин байлар ач коз митаам мыкыры болот
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан