Бишкекте кыргыз милициясынын 92 жылдыгы белгиленди

Бишкекте бүгүн, 1-ноябрда КРнын Ички иштер министрлигинин имаратында кыргыз милициясынын түптөлгөндүгүнүн 92 жылдыгы белгиленди. Салтанаттуу иш-чарага ички иштер министри Кашкарбек Жунушалиев, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Садырбек Дубанаев, Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Эгемберди Эрматов жана кыргыз милициясынын ардагерлери, ИИМдин кызматкерлери катышты. С.Дубанаев өз сөзүндө кыргыз милициясындагы көйгөйлөргө токтолуп, аларды чечүүгө ардагерлер дагы салымын кошорун белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө президент жана премьер-министрдин атынан ИИМдин кызматкерлерине сыйлыктар тапшырылып, кызматын аркалап жаткан учурда каза болгон милиционерлердин жубайларына акчалай сыйлыктар берилди. Ошондой эле иш-чаранын соңунда көрүүчүлөргө концерттик программа тартууланды.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, үстүбүздөгү жылдын алгачкы 9 айынын жыйынтыгына таянсак, өлкө аймагында кылмыштуулук 5,1 пайызга азайган. Кыргыз милициясы 1924-жылы түзүлүп, анын жетекчилигине П.Амуров дайындалган. 1991-жылы Кыргыз Республикасы эгемендүүлүк алгандан тарта 1-ноябрь Кыргыз милициясынын күнү катары белгилене баштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан