Салык органынын 22 кызматкери жазага тартылды

Мамлекеттик салык кызматы 9 ай аралыгындагы жарандардын кайрылуусу боюнча салык органдарынын 22 кызматкерин жазага тартты. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы бүгүн, 1-ноябрда билдирди.

"10 кызматкерге эскертүү берилип, 4 кызматкерге катуу сөгүш жарыяланса, 8 кызматкер сөгүш алды. 2016-жылы Мамлекеттик салык кызматына 9 ай ичинде ар кандай даттануулар, сунуштар менен 177 жаран кайрылган. Мындан тышкары электрондук дарекке 63 кат келген. Аймактык салык органдарына 64 кайрылуу түшсө, "ишеним телефонуна" 15 билдирүү түшкөн. Алардын ичинен 7 факт тастыкталып, чара көрүлдү. Ал эми 8 кайрылуу боюнча факт тастыкталган эмес", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Салык кызматынын жетекчилиги 9 айда 100 адамды кабыл алганы белгилүү болду. Алардын 31и жеке суроолор менен, 47си салык мыйзамы боюнча, 12си социалдык жана 10у кадр маселелери боюнча кайрылышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан