Азербайжанда үй-бүлө уялганынан 14-наристеси төрөлгөнүн жашырып койгон

Мындан эки ай мурда Азербайжан өлкөсүндөгү Чайирли айылынын жашоочусу Талех Искендеровдун үйүндө 14-наристе жарык дүйнөгө келген. Аны Гүнай деп атап, бирок төрөлгөнүн сыр тутушкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Айдоочу болуп иштеген Талех Искендеров наристелүү болгонун аргасыздан жашырганын мындайча түшүндүргөн: "13-балам төрөлгөндө массалык маалымат каражаттары биз тууралуу жазып чыгышкан. Көп балалуу үй-бүлө катары бизге унаа, шейшеп жана кир жуучу машина берүүнү убада кылышкан, бирок беришкен жок. Анан биз тууган-туушкандар, достордун алдында уят болуп калганбыз".

Белгилей кетсек, Талех Искендеров 45те, ал эми өмүрлүк жары Түнзал Искендерова 37 жашта. Түгөйлөрдүн ортосунда 19 бала төрөлүп, анын бешөө ымыркай кезинде чарчап калган. Учурда 14 баланын жетөөсү эркек, жетиси кыз. Тун уулу Азербайжандын Куралдуу күчтөрүнүн катарында кызмат кылары айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Dadasdasd
2016-11-01 17:12:30
Азаматтар
+14
mishonia8077
2016-11-01 17:21:30
Ин ша Аллах кандай бактылуулар
+14
souza.j
2016-11-01 17:25:36
Ооуу. Талех кечинде ужинсиз калат го
-8
gul.1995
2016-11-01 17:56:35
souza.j,Ар бир бала оз ырыскысы мн торолот,ошончо баланы багып жаткан Ата Энесине ден соолук.
+14
Sharos3
2016-11-01 18:56:15
Эн жакшы ар бир бала оз ырыскысы
менен торолот, андыктан кыргыздар
Аракет кылгыла силер дагы кобойсун кыргыздар
+9
Rifle_I
2016-11-01 23:48:17
АЗербажандын бийлиги да суу куят экен да. Берем дегенден кийин бериш керек да адамды кусаа кылбай.
+8
Nurmatova.
2016-11-01 17:29:27
Эн жакшы:)
Омуру менен берген болсун!
Коп балалуу болгон кандай жакшы...
Бизге да ден-соолугу чын,акыл эстуу,ыймандуу балдарды тарбиялоону Аллах насип эткен болсун:)
+17
zavi95
2016-11-01 17:34:28
Кудайым аай кандай бактылуу адамдар
+14
simone
2016-11-01 18:41:33
Мынча жакшы жанылык, омурлуу болушсун.
+7
Kroxa
2016-11-01 18:55:34
Коп балалуу болгон жакшы тууганы коп болот,,,5 бир тууган болсон деле аздык кылат экен,,жамандык жакшылыкта,,,олойт экенсин,коп бир тууганы барлардын бир туугандары которуп кетишет билинбей эле калат...
+7
daky
2016-11-01 20:24:58
эгер ынтымактуу болушса которот
+7
Santanna
2016-11-01 20:57:18
Бул семияны окуп аябай толкунданып турам себеби бизда 14бир тууганбыз 7кыз 7уулбуз арада эчким чарчаган эмес шугур баары бар,арада 1эгиз Асан.усон бар кудум биздей семия экен жогоруда атам шафер бп иштеген учурда пенсияда атам 70ке апам 65ке чыкты,адамдарга 14биртууганбыз десем ишенбейт бул жазганыма мени тааныган эле адам ишенбесе сиздерда ишенбешиниздер мумкун Мен 14чусумун коп 1тууган аябай соонун кудайга шугур баарыбыз алтысаныбыз аман элдин алды жашайбыз
+11
yakutiya-Mirnyi
2016-11-01 21:15:31
Santanna,Молодцы.омур берсин.бакыт берсин.аябай суктандым
+4
Santanna
2016-11-01 23:07:07
yakutiya-Mirnyi,рахмат сизда 14балалуу болун))
+3
mishonia8077
2016-11-02 23:47:02
Santanna,Кудага барсанар эч кимди кошпой озунор эле соонун барсанар керек э аман болгула ма ша АЛЛАХ
+1
kubanaid
2016-11-01 22:33:21
молодцы уйунун сыртынан караганда жакшы эле жашайт го. омурлуу болсундар ынтымактуу болсундар
0
KaiMak
2016-11-02 00:23:04
Атасы чыныгы эркек апасы чыныгы апа экен... Башкалар 2ни кантип багам деп журот... Ар бир ымыркайды оз ырыскысы менен берет деген чын турбайбы...
+3
karasuu
2016-11-03 05:14:45
ооууу мынча сонун бизге да Кудайым насип этсин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан