Бишкектеги Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында сасык тумоо жана ич өткөктөн абалдары оорлошуп кеткен 6 бала жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу бүгүн, 1-ноябрда SUPER.KG порталына аталган оорукананын директору Гүлжигит Аалиев билдирди.
"Суук түшкөндөн бери сасык тумоо жана ич өткөк менен ооруканага кайрылгандардын саны көбөйдү. Күнүнө болжол менен ооруканага 200-250 бейтап медициналык жардам сурап кайрылууда. Анын ичинен 100дөн ашуунун ооруканага жаткырууга туура келүүдө. Өткөн суткада бизге 264 адам жардам сурап кайрылды. Анын 110у ооруканага жаткырылды (99у жаш балдар, 11и чоң адамдар). Көбүнчө ич өткөк жаз жана жай мезгилинде күч алчу эле, быйыл ал узакка созулгандай. Ата-энелер балдарын өз алдынча дарылап, сасык тумоодон 3 жана ич өткөктөн 3 баланын абалдары оорлошуп, учурда жандандыруу бөлүмүндө жатышат. Алардын кенжеси 6 айлык ымыркай болсо, улуусу 1 жаш 8 айлык бала", - дейт Аалиев.
Анын айтымында, эгер бейтаптын дене табы 38 градустан түшпөсө, убакытты созбой дароо ооруканага кайрылуу керек.
"Азыркы учурда ата-энелер балдарынын дене табы 37,5 градуска жетсе эле толтура дары-дармекти берип, айрымдары укол сайганга чейин барат. Алар өз алдынча дарылоого аракеттенишет, анан качан балдарынын абалдары оорлошуп кеткенде дарыгерге алып барышат. Сасык тумоо, ич өткөктөн сактануу үчүн гигиенаны сактап, колду таза жууп, тез бузулуучу азыктарды жебеш керек. Ошондой эле адамдар көп чогулган жайларга баруудан алыс болуп, аба ырайына жараша кийинүү абзел. Баса белгилеп кетчү жагдай, биздин ооруканага өлкө аймагынан келген бардык бейтаптарды кабыл алабыз. Ансыз деле инфекциялык оорулар менен жабыркап кайрылгандардын саны жетиштүү. Мындан улам бейтаптарды токтоосуз кабыл алууга аргасыз болуп, айрым учурларда палатанын жетишсиздигинен коридорго жатып дарылангандар да жок эмес. Эң көп катталган сасык тумоо жана ич өткөк дарттарынан сырткары сарык, ангина, менингит сыяктуу оорулар менен кайрылгандар да арбын.
Ооба, ооруканада орун жетишпейт. Ал жагдайды айрым бейтаптар түшүнүү менен кабыл алса, айрымдары нааразычылыгын билдиришет. Эгер биринчи күнү коридорго жатып калса, экинчи күнү сөзсүз палатага которулат", - деп кошумчалады оорукана жетекчиси.