Жаңы-Шаар айылынын башчысы: "Айылдыктар каналдан суу ичишет, абал оор"

Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунун 1-Май айыл өкмөтүнүн Жаңы-Шаар айылынын калкына таза суу жеткирүү оор болууда. Бул тууралуу бүгүн, 1-ноябрда SUPER.KG порталына 1-Май айыл аймагынын башчысы Муктар Шербаев билдирди.

"Буга чейин Советтер Союзу учурунда 23 чакырым алыс жайгашкан Шекафтар айылынан жер астынан суу түтүктөрү тартылган. Бирок ошол түтүктөр эскирип, ичи балырга толуп, суу өткөрүү мүмкүнчүлүгү азайган. Таптакыр суу жок деген дагы туура эмес. Биз ага карабай Аймактарды өнүктүрүү долбоору аркылуу иш жүргүзүп, 3 миллион сомдон ашуун каражатка айылдын чети менен суу түтүгүн тартып келүү аракетин көрүп жатабыз. Ал эми Орто-Токой суу сактагычынан агып келүүчү каналдын суусун айыл өкмөтү чече албайт. Бул каналдан суу дайыма агып келет, бирок аз көлөмдө, анткени Орто-Токой суу сактагычы толук кандуу Кыргыз Республикасына өтө элек", - деп билдирди Шербаев.

Маалым болгондой, 1-Май айыл аймагы өзүн өзү каржылай албайт. Социалдык көйгөйлүү маселелер долбоорлор аркылуу же республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып келет. Аталган аймакта
тоо-кен, өнөр жай ишканалары жок. Белгилүү болгондой, чек арада жайгашкан Жаңы-Шаар айылында 400дөн ашуун кожолук калк жашайт.

Жаңы-Шаарынын башчысы Осмоналы Базарбаев айылга суу күнүнө 2 маал берилип жатканын айтты.

"Бүгүнкү күндө Жаңы-Шаар айылынын эли жер алдынан тартылган таза сууну 1-Май айыл өкмөтүнүн эли менен кезектешип ичип жатабыз. Суу эки күндө бир жолу 8 жерден чыгат. Ал эми каналдан агып келген сууну мал да ичет, адамдар дагы ичип жатат. Абал оор болуп жатканы ырас. Ошентсе да айылдыктар ушуга да шүгүр деп жашап жатабыз. Айылыбызга жакында бир скважина чыгарууну мерчемдеп жатабыз, бирок муну менен таза суу көйгөйү чечилбейт", - деп билдирди Базарбаев.

Эске салсак, окурман Жаңы-Шаар айылында 11-октябрдан бери таза суу жок экенин "Элдик кабарга" билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
elmurat.kg
2016-11-01 19:17:37
сабр кылалы шугур кылалы африкадай эмеско жакшы...шугур
0
talant87
2016-11-01 19:32:34
Алабукада 3жаны шаар бар экенда биринчиси Алабуканын озундо.экинчиси. ызар коштерек айлыдын ортосунда учунчусу биринчи майда экенда
+3
alykul
2016-11-01 22:00:54
Өзү бизжакта дайыма суу эң башкы проблема ..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан