Бүгүн, 2-ноябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Жогорку Кеңеш Конституцияны өзгөртүү үчүн 2016-жылдын 11-декабрында референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун 3-окууда кабыл алды. Долбоорго 89 депутат "макул", 16 депутат "каршы" деп добуш берди. Саясий лидерлер, жарандык коом, эксперттер тарабынан кескин сындалып келе жаткан талаштуу документ 39 күндөн кийин жалпы элдик добуш берүүгө чыгарылат.
КСДП долбоорду парламенттен талкуусуз өткөрүп алууга жан талашты. Мыйзам долбоорунун тегерегинде суроо-жооп бүткөндөн кийин спикер Чыныбай Турсунбеков талкуу болбойт деп, документти добуш берүүгө жибермекчи болду. Оппоненттердин жөндүү сындары, Конституцияга өзгөртүүлөрдүн артына катылып, бирок коомчулук билип-билбей жаткан жаңы жагдайлардын айтылып кетишин каалашпады. Болбосо, талкуу долбоордун мазмунун өзгөртүп жибербейт эле. "Ата Мекен", "Өнүгүү-Прогресс", "Бир бол", "Республика-Ата Журт" фракцияларынын лидерлеринин талабы менен талкуу ачылып, бийликке жакпаган сындар, аргументтер, фактылар баары бир айтылды. "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештин спикерлигинен Ахматбек Келдибековду кетирүүдө да КСДП дал ушундай ыкманы колдонгонун айтты. Келдибековду кетириш үчүн КСДП коалицияны уратып, "Келдибековду колдогондор кийинки коалицияга кирбейт" деп сөз таратышканын, буга алданган "ата журтчулардын" жарымы КСДПны колдоп чыкканын, бийлик максатына жеткенден кийин гана депутаттар алданганын билишкенин эски-жаңы депутаттарга эскертип өттү. Чындыгында, КСДП коалициядан тиреш курчуп турган сентябрда чыгып, көпчүлүктү кайрадан курай алмак. Кыш босогодо турган маалда өкмөттү "убактылуу" статуска калтырганынын сыры дал ушул мыйзамда экенин түшүнүү кыйын эмес. КСДП референдумду дайындоо боюнча мыйзамды Жогорку Кеңештен өткөрүп алуу үчүн коалицияны уратууга барды. Бул ыкма "кнопка баскыч" депутаттарга таасир этти. Канатбек Исаев депутаттарга коркутуп-үркүтүүлөр болуп жатканын айтып "Кыргызстан" фракциясынын лидерлигинен кетип, ордуна башкасы шайланбаганда Конституцияны түзөтүү долбоору бүгүн 89 добуш алышы күмөн эле...
Өмүрбек Бабанов "Республика-Ата Журт" фракциясы коалицияга кирбей турганын айтып билдирүү жасады. Бирок фракциясы менен бирге референдум өткөрүү мыйзамын колдоп добуш берди. "Муну менен Бабанов өзүндөгү тарыхый мүмкүнчүлүктү колдон чыгардыбы?" деген суроо жаралат. Бийликтин жетегине алынбай өз алдынча кетүүгө Бабановдо толук мүмкүнчүлүк бар болчу. Бүгүнкү күндө Жогорку Кеңеште отурган 4 партиянын лидерлери Өмүрбек Бабанов, Канатбек Исаев, Бакыт Төрөбаев жана Алтынбек Сулайманов мурунку "Республикадан" чыккандар. Ал үчүн Бабанов конституциялык реформага каршы туруп, "Кыргызстан" (18 мандат), "Өнүгүү-Прогресс" (13 мандат), "Бир бол" (12 мандат) фракцияларын, башкача айтканда, мурдагы командасын бириктириши керек эле. "Республикачылардын" 71 мандаты менен Бабанов 49 мандатка ээ революциячыл партияларды (КСДП жана "Ата Мекен") оппозицияда калтыра алмак. Ошондо кырдаал кескин өзгөрүп, кыргыз саясатында жаңы доордун башатына пайдубал болмок.
Мындай мүмкүнчүлүктү Бакиевдин убагында Феликс Кулов колдон чыгарып, авторитаризмге жол ачылганы белгилүү. 2006-жылы премьер-министр Кулов Конституцияны өзгөртүүгө каршы митингдерди уюштуруп жаткан оппозицияны айыптап, бийликти колдоп чыккан. Бирок Бакиев 2006-жылдын ноябрь жана декабрь айларындагы конституциялык кризистен пайдаланып Куловду айлакерлик менен өкмөт башчылыктан кетирген. Ошентип, Бакиев менен тандем түзүп өкмөт башчылыкка барган Кулов бийликке алданып көчөдө калган. Куловдун бул катасы Бакиевдин кландык-авторитардык бийлигине кенен жол ачып, бүткүл мамлекетке оор залалын тийгизди. Бабанов бүгүн бийликтин айтканына көнүп берди, бир жолу берилген тарыхты өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарды. Бул окуяда чечкиндүүлүк кылып, кырдаалды өзгөртө алса, эртең журт башы болууга даремети жетерин далилдемек. Референдумду өткөрүп алса, атамбаевдик команда президент болом деген Бабановдун башынан сылабайт. Тескерисинче, колдоочулары көп, жаш, тажрыйбалуу талапкерди президенттикке жеткирбөөгө бүткүл күчтү жумшашат...