29-октябрда Бишкектеги "Сейтек" борборунда "Тамашоу" Лигасынын 9-сезонунун ачылышында калыстар тобунун катарында алтайлык коомдук ишмер Акай Кине болгонун жазган элек. "Бул жактагы кыргыздар Алтайдан келе берген кыргызсыңар, биз калып калган кыргыздарбыз" деген белгилүү коомдук-саясий ишмер, "Кин Алтай" түрк элдеринин руханий борборунун негиздөөчүсү Акай Кине SUPER.KG порталына маек курду.
- Акай агай, окурмандарга өзүңүздү тааныштыра кетсеңиз...
- Өзүм Алтайдан, төөлөс уруусунан болом. 4 балам бар. Коомдук, саясий иштер менен алектенип келем. Байыркы кыргыздын тилин, маданиятын изилдейм. Алтайда Манастын эстелигин орнотуу идеясын ойлоп, кыялданып жүрөм. Кээ бир маселелер чечилсе, Манастын киндик каны тамган Алтай жерине айкөлдүн эстелиги орнотулат. Азырынча кээ бир саясий жагдайлар буга жол бербеши мүмкүн, бирок бул ишти акырына чыгарабыз, баары бир эстелигин орнотобуз.
- Эмне үчүн саясий жагдайлар Манастын эстелигин Алтайга орнотууга уруксат бербейт деп жатасыз?
- Көп мамлекеттер түрк элдери бириксе, күчтүү болуп кетет деп чочулашат. Алсак, Советтер Союзунун убагында эле пантүркизм деп көп адамдарды жок кылышкан. Ошентсе да түрк элдери кандай окуя, кырдаал болбосун, Орусияны колдоп турушкан. Орус эли жалпы түрк элдеринин жээни болот. Аны көпчүлүгү жакшы түшүнбөй турат.
Мен көп түрк өлкөлөрүндө болдум. Байыркы элдердин арасынан ала-тоолук кыргыздар тилин, Манасын сактап калганы, меймандостугу боюнча мага жакыныраак. Келечекте кыргыз элине ишеним чоң.
- Кыргыз жерине бир нече долбоорлор менен келип калганыңызды айттыңыз...
- Мен адам руханий байлык менен материалдык байлыкты чогуу алып кетсе гана гармониялуу жашоодо жашай алат деп ишенем. Бул жакта түрдүү тармакта эмгектенген досторум бар, ошол эле маданият, соода-сатык жагында. Андыктан ала-тоолук кыргыздар менен Алтай кыргыздарынын байланышын бекемдөө, эки элдин ортосундагы ынтымакты чыңдоо үчүн 20 жылдан бери аракеттерди жасап жүрөм. Алсак, бул жактагы концерттерге Алтайдан артисттерди алып келем. I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Алтайдан көк бөрү боюнча топту алып келгем, анда 3-орунду алышкан.
- "Тамашоу" Лигасына калыстык кылууга кантип келип калдыңыз?
- Орусиядагы КВНге катышып, ийгиликтерди багынтып жүргөн кыргыз жигиттерин, "Тамашоудо" ойногон жигиттердин тамашаларын да көрүп жүрчүмүн. Рысбек Жабиров досум болот. Аны кезектеги оюндардын биринде калыстар тобунун катарынан байкап калдым. "Мени да алып барбайсыңбы?" десем, макул болду. Ошентип, калыс болдум. Оюн абдан жакты.