Жогорку Кеңештин 3-ноябрдагы жыйынында депутат Данияр Аттокуров өлкөдө 50 метр бийиктикке көтөргөн өрт өчүрүүчү унаа бар экенин билдирди.
"Акыркы жылдары борбор калаада бийик имараттардын чатырлары өрттөнгөндө жогору көтөргөн атайын унаа жок болгондуктан, куткаруучуларга өрттү өчүрүүгө кыйынчылыктар жаралчу. Жакында өрт өчүрүүчүлөр менен жолугушсам, алар 50 метр бийиктикке көтөргөн бир атайын унаа бар экенин айтышты. Ал убагында 20 миллион сомго сатылып алыныптыр, бирок ал оңдоого муктаж. Оңдоо иштерине 1 миллион сом кетет экен. Өкмөт бул каражатты таап, унааны калыбына келтириш керек", - деди Аттокуров.